• Бейшемби 29 Куран 2021

Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңештин депутаты болду

21 июня 2021 в 20:16 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июнда Чыңгыз Макешовго (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Чыңгыз Макешов КСДП партиясынын тизмесинде 62-орунда турган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Ыйман Нуру” партиясын жетектеп барган.

Чынгыз Макешов Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 217