• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чычкан капчыгайында жүк ташуучу унаа 15 тонна өсүмдүк майы менен күйүп кетти

26 Жетинин айы 202110:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү саат 18:54 чамасында Чычкан капчыгайында “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 15 тонна өсүмдүк майы толугу менен күйгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 20:07 өрт чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 2903