• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чычкан суусуна унаа кулап, бир аял көз жумду

3 Тогуздун айы 202110:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрда катталган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучулары барган.

Каза болгон аялдан башка 43 жаштагы экинчи аял жабыркаган. Жаракат алган жаранды «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

Количество просмотров: 241