• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чычкан суусуна кулаган автоунаанын ичиндеги адамдар табыла элек

10 Теке 201915:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.

Чычкан дарыясына кулап кеткен автоунаанын ичиндеги жигиттер изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 2-июль күнү Бишкек — Ош жолунун 270-чакырымында болгон. Ошол эле күнү 22 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Анын жанында дагы эки курдашы болгон.

5-июлда сууга кулаган Honda Fit үлгүсүндөгү автокөлүк табылган.

Бир жумадан бери издөө иштери менен 41 куткаруучу, 10 милиционер жана жоголгондордун 15 тууганы алектенип жатат.

Количество просмотров: 11