• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков кармалды

20 Үчтүн айы 2020 15:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасында суракка чакыртылган. Бул тууралуу фейсбук баракчасына жазылган.

Турсунбек Бейшенбековдун сурактан кийин кармалганы айтылууда. Бирок, азырынча расмий маалымат бериле элек.

Эске салсак, журналист 16-январда да Аскер прокуратурасында сурак берип чыккан.

Айрым маалыматтар боюнча, сурак вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата сын маалыматтар боюнча болгон. Мындан тышкары, анын суракка чакырылуусу ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу болуусу мүмкүндүгү айтылган эле.

Количество просмотров: 674