• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ачуу чындык. Экс-спикер Турсунбековдун каза болушу боюнча кызы менен маек

21 Үчтүн айы 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

Пневмония илдетинен улам көз жумган Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Говори.ТВ агенттигинде маек куруп, атасынын кантип ооруп калганы, акыркы күндөрү, көз жумганы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, алар атасы ооруп, ооруканга түшүп калганда толук кандуу маалымат ала албай кыйналышкан.

«Атамдын абалы оорлошуп, бат эле жүрөгү ооруп калды. Ооруканага ал өзү барып жаткан. Андан кийин бир жолу гана телефон аркылуу видеобайланыш аркылуу сүйлөштүк. Атам анда абалы жакшы экенин, бирок палатага даарыгерлер өтө эле сейрек келип жатканын айтты. Андан кийинки күндөрү атам телефон чалууларга жооп берген жок. Болгон тааныштарыбызга чыгууга аракет кылдык, ошол эле даарыгерлерге, Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевге да байланыштык. Алгач баары бизге жооп беришкен жок. Акыры ошол кызыл зонадагы медайымды табып, атам тууралуу маалымат алып берүүнү өтүндүк. Ал атам дем алдыруучу жабдыкка туташтырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты. Андан соң жооп берен даарыгерлер, Каратаев атамдын абалы жакшы экенин айтып жатышты. Бирок баары андай эмес болду…», — деди ал.

Кененирээк алдыдагы маектен көрө аласыздар:

Количество просмотров: 2207