• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чырлуу мыйзам: Парламентте депутат Иманалиевдин ордуна башка бирөө добуш берип койгон

29 Теке 202111:11 Бишкек Govori.TV

Депутат Каныбек Иманалиев Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына добуш берген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Иманалиев өзү Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Кечээ белгилүү бир себептерден улам мен добуш берүүгө катышпай калгам. Менин ордума бул мыйзамды колдоп добуш берип коюшуптур. Аталган мыйзам долбооруна башынан каршымын. Протоколго мени каршы деп белгилеп коюшуңуздарды суранам», — деди Иманалиев.

Кечээ, 29-июлда буга чейин парламентте өтпөй калган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты. Жыйында 97 депутат макул, 5и каршы добуш берген болчу.

Количество просмотров: 237