• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Иманалиев Акаев тууралуу: Үч окуу жайда лекциялар болбойт

22 Бугу 202314:06 Бишкек Govori.TV

Коомчулуктун терс реакциясын эске алуу менен үч окуу жайда лекция болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында билдирди.

«Улуттук илимдер академиясында, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз улуттук университетинде лекциялар болбойт»,-деди Иманалиев.

Мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Кыргызстанга келгени 20-майда белгилүү болгон. Акаев Политехникалык университетте жана Илимдер академиясында лекция окумак. Бирок буга айрым студенттер каршы чыгышкан.

Количество просмотров: 239