• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

COVID-19: 2 бейтап каза болду (Статистика)

21 Бирдин айы 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирус 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 10;
  • Чүй облусунда – 5.

Акыркы суткада 119 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.

Количество просмотров: 74