• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

COVID-19: 589 адам айыкты

6 Баш оона 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

6-августка карата Кыргызстанда 589 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 104 киши, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 98, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 76, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда 62 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 30 миң 99га жетти.

Количество просмотров: 45