• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19: 83 жаңы учур катталып, 3 бейтап каза болду

7 Бирдин айы 20229:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 63;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Талас облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 9;
  • Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.

Количество просмотров: 59