• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

COVID-19: Атайын эсепке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси

31 Жалган куран 2020 17:18 Бишкек Govori.TV

Өкмөт тарабынан 28-мартта коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссия мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык сектор өкүлдөрүнөн турат.

Комиссиянын курамына кирген вице-спикер Аида Касмалиеванын айтымында биринчи жыйын кечээ, 30-мартта болсо, комиссиянын отуруму бүгүн уланмакчы.

Комиссиянын курамы:

Комиссиянын төрагасы — Самат Кылжыев, Өкмөттүн аппарат жетекчиси;

Комиссиянын төрагасынын орун басары — Замирбек Аскаров, Өзгөчө кырдаалдар министри

Комиссиянын төрагасынын орун басары — Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Аида Касымалиева — Жогорку Кеңештин вице-спикери;

Сайдулла Нышанов — Жогорку Кеңештин депутаты;

Бактыбек Турусбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;

Улан Маматканов — Өкмөттүн бөлүм башчысы;

Суеркул Абдыбалы тегин — каржы министринин орун басары;

Амангелди Исаев — айыл чарба министринин орун басары;

Максат Усубалиев — Президенттин аппараты, бөлүм башчынын орун басары;

Мирлан Атакулов- Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү;

Назгүл Турдубекова — «Лига защитников прав ребёнка» коомдук фондунун жетекчиси;

Бурулсун Сүйүналиева -«Фонд развития социальных услуг» коомдук фондунун жетекчиси.

Количество просмотров: 1310