• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

COVID-19 бир суткада 13 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

17 Жалган куран 2022 9:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 17-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 109 бейтап, амбулатордук түрдө 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 776 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 985 киши айыгып чыкса, 2 миң 976 адам каза болду.

Количество просмотров: 51