• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

COVID-19: Бишкектин чок ортосунда жарандарды акысыз эмдөө жүргүзүлүп жатат

11 Теке 2021 18:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июлда Бишкек шаарындагы Курманжан Датка эстелигинин алдында калкты коронавируска каршы акысыз эмдөө иш-чарасы өтүүдө. Ага Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашовалар катышты.

Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашованын айтымында, калктын 70 пайыздан көбү эмдөөдөн өтмөйүнчө бул иш-чара улана берет.

«Кытай Эл Республикасынан бүгүн 1 миллион 250 миң доза Синофарм вакцинасы алынып келди. Биз вакцина алуу менен гана илдет менен күрөшүп, жай турмушка кайта алабыз.Эмдөө эки этап менен өтөт, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт. Мисалы, «Ала-Тоо» аянтында ачылган эмдөө пункт саат 8:00дөн кечки 12:00гө чейин иш алып барат. Өнөкөт оорулары барлар жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү эмделет. Ошондой эле 18 жаштан өткөн жарандардын баарын эмдөөгө чакырып жатабыз», — дейт Бакашова.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга Кытайдан 1 млн 250 миң доза «Синофарм» вакцинасы алып келинди. Анын 1,1 млн дозасын өкмөт сатып алган, калган 150 миң дозаны Кытай кайтарымсыз жардам катары берген.

Количество просмотров: 142