Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Штабдан билдиришкендей, ал Республикалык клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.
Маркум (аял киши) 1964-жылы туулган.
Өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 47 кишиге жетти.