• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

COVID-19. Ноябрь айында өспүрүмдөрдүн арасында 320 учур катталды

1 Бештин айы 2020 16:32 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрына карата маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учурлары катталган.

Салыштыруу үчүн, сентябрь айында республикада 48, октябрда — 315, ноябрда — 320 учур катталган.

Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында октябрь айында 83 учур, ноябрда — 143 учур катталган. Саны боюнча эң көп катталгандар кийинки орунда Чүй (54 2чур) жана Ысык-Көл (39 учур) облустары турат. Нарында бир да учур катталган эмес.

Количество просмотров: 90