Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Буга чейин Кыргызстанда коронавирустан 1 миң 60 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 135ти түзөт. Алардын ичинен 39 миң 174 киши айыгып чыкты.