Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.
Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган.
Ал эми адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.
Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.
Себептери:
Кеч кайрылуу
Өнөкөт оорулардын болушу
Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:
Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%)
Боор оорулары (20%)
Кант диабети (15%)