• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

COVID-19ду кайрадан жуктуруу кандай кесепеттерге алып келет? Жооп

9 Баш оона 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдан COVID-19ду кайрадан жуктуруу кандай кесепеттерге алып келерин айтып беришти.

Маалыматка ылайык, жарым миллиарддан ашуун адам жок дегенде бир жолу SARS-CoV-2 жугузган.

Сент-Луистеги (АКШ) Вашингтон университетинин Медицина мектебинин медицина доктору Зияд Аль-Али баштаган Америкалык изилдөөчүлөрдүн 2022-жылдын 17-июнундагы жыйынтыктары көрсөттү:

Биринчи жолу инфекцияга чалдыккандарга караганда ооруну кайрадан жугузгандарда тобокелдиктер жогору экени байкалган:

  • ооруканага жатуунун;
  • курч фазадан кийин, ошондой эле инфекцияны жугузгандан соң 6 айдан кийин сакталып калган эң көрүнүктүү татаалдашуулар;
  • жок дегенде бир татаалдашуунун болушу (өпкөдө, жүрөк-кан тамыр жана кан системасындагы бузулуулар, ичеги-карын оорулары, бөйрөк оорулары, неврологиялык жана психикалык бузулуулар, кант диабети, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу);
  • бардык себептерден улам өлүм учурлары, анын ичинде 6 айдан соң;
  • илдетке бир жолу кабылган адамдарда тобокелдиктер эң төмөн болгон, инфекцияны эки ирет жугузгандарда жогору болуп, үчүнчү ирет ооругандарда эң жогорку деңгээлде болгон;
  • эмделбегендерде, ошондой эле экинчи жолку инфекцияга чейин 1 же 2 ийне алгандарда тобокелдик жогору.

Алынган маалыматтар SARS-CoV-2 вирусун кайрадан жугузуунун кесепеттерин ырастайт. Бир жолу бул ооруга кабылган адамдар үчүн кайрадан инфекцияны жугузуп алуудан этият болуу өтө маанилүү!

«SARS-CoV-2 көп жылдар бою, балким ондогон жылдарга коркунуч катары кала берүү ыктымалдыгын эске алуу менен, коомчулук тарабынан кабыл алынган жана адамдарды инфекцияны кайрадан жугузуудан коргоо үчүн узак мөөнөттүү келечекте туруктуу түрдө ишке ашырыла турган коомдук саламаттыкты сактоо чараларын шашылыш түрдө иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиленет маалыматта.

Количество просмотров: 65