• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Covid кетпесе койсун, ушу комик кетсе боло». Министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы айтылды

27 Бугу 2021 12:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу маселесин парламентте кайра көтөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сунушу менен Кыргызстанды дүйнөгө уят кылды.

“Эми болсо кечээ “Президент Москвага барып (ред: Садыр Жапаров 24-25-майда Сочиге барып келди) орус президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү” деп карандай калпты айтты. Дагы жакшы Эрбол деген бала 2 саатка жетпей, бул апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо мамлекет башчыны дагы уят кылмакпыз. Ушул жерде 84 депутаттын добушу менен саламаттык сактоо министри жумуштан алынсын деген токтом кабыл алынган. 84 добуш менен импичмент кылып президентти, Башкы прокурорду кетирсе болот. Эмне үчүн саламаттык сактоо министрин кетире албайбыз? Баарыбыздын дарыгер тааныштарыбыз бар. Алар «Covid кетпесе койсун, ушу комик кетсе боло» деп жатышат»,-деди Момбеков.

Количество просмотров: 118