• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дөө-Чыңгызды өлтүрдү делген адам күнөөсүн мойнуна алды. Шектүү тууралуу эмне белгилүү?

30 Теке 2022 19:20 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.

«Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат», — деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Ал эми Жумагуловдун өлүмүнө шектүү Доорон аттуу жаран экенин Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Доорон Адилет Касеновдун адамы, ал өз кезегинде Камчы Көлбаевдин жакын адамы жана уюшкан кылмыштуу топтун “казыначысы”. «Булак ошондой эле Чыңгыз Жумагуловдун мыйзамдагы ууру болууну көздөгөндүгүн жана анын өлтүрүлүшүнө ушул себеп болушу мүмкүн экенин билдирди»,-деп жазылат маалыматта.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда караган. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болору кабарланган.

Количество просмотров: 41273