• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Дөө Чыңгыздын» абактагы өлүмү боюнча иш сотко өттү

29 Жетинин айы 202217:51 Бишкек Govori.TV

Крим чөйрөсүндө «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Бишкектеги №1 тергөө абагындагы Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б.аттуу беш жаранга “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып тагылды.

«Алар адам өлтүрүүгө жеке кастыктын негизинде, алдын ала сүйлөшүп алып, барышкан. Бешөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып коюлду. Мындан тышкары кылмышты жаап-жашырганы үчүн деген негизде дагы эки жаран — Т.Ж. жана Д.А. айыпталууда. Кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

«Тергөө иштерин Атайын прокуратура жүргүзүүдө. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Чыңгыз Жумагулов 30-июлда киши колдуу болуп каза тапканы кабарланган. Жумагуловду камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнү жана ал бул фактыны моюнуна алганы айтылган. 

УКМКнын басма сөз кызматы 15-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдирген. Аны кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн. Жумагулов соттун чечими менен №1 тергөө абагына 7-сентябрга чейин камалган.

Количество просмотров: 430