• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Дөө Чыңгыздын» жакын адамы болгон делген жаран Түркиядан кармалды 

28 Үчтүн айы 2024 11:06 Бишкек Govori.TV

Көлбаев уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү, Ысык-Ата районунун 1984-жылы туулган тургуну Э. Ж. Түркиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган кылмыш дүйнөсүнүн адамы Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатып, ал жерден 1973-жылы туулган Грузиянын жараны, кримтөбөл С. И. менен жакын мамиле түзгөн.

2023-жылдын октябрь айында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Э.Ж. Кыргызстандан Түркияга чыгып кеткен. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголуп, Биринчи Май райондук соту камакка алууга өкүм чыгарып, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Түркия аркылуу Грузияга өтүп, ал жактын кримчөйрөсү менен байланыш түзүүнү көздөгөн. Бирок аны Түркия укук коргоо органдары колго түшүргөн.

Шектүү кечээ, 27-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетчү жагдай, Э.Ж. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана маркум Ч.Жумагуловдун («Дөө Чыңгыз») жакын адамы болгон, ошондой эле криминалдык дүйнөдө макамга ээ.

Теги:
Количество просмотров: 754