• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров дүйнөлүк мелдеште алтын медалга ээ болду!

19 Аяк оона 2018 8:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров Словакиянын Трнава шаарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан дүйнөлүк мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында кабарланды.
Бакиров мелдешке 63 кг салмак ченинде катышып, 1/16 финалда америкалык Алстона Жон Нуттерди 91 секундда 10:0 эсеби менен жеңген.
Экинчи беттеши Армениялык Храчия Погосян менен болуп, аны 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда германиялык балбанды 13:3 эсеби менен утуп алган.
Бакиров жарым финалда Орусиялык Азамат Каировдун үстүнөн 68 секундда таза жеңишти камсыздап финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеш Египеттик Хассан Ахмед менен болуп, анын да таза жеңиш менен утуп алды!
Ал эми 55 кг салмак ченинде Нуртазин Керимберды Уулу Орусиялык Эмин Сефершаевге коло байге үчүн беттеште 1:6 эсеби менен утулуп калды.
Андан соң килемге 77 кг салмак ченинде Акжол Махмудов чыгып, АКШдан келген Kamal Ameer BEYди 8:1 эсеби менен уткан.
Белгилей кетсек, Махмудов мурунку чемаионатта дал ушул америкалык балбандан алтын байге үчүн беттеште утулуп калган.
Количество просмотров: 27