Кыргызстандын спорттук күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча улуттук курама командасы Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште 9 медал жеңишти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль.
Ошентип, грек-рим күрөшү боюнча Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү аталды. 63 кг чейинки салмакта Дөөлөтбек Чойбеков күмүш медалга ээ болду. Баяман Каримов (67 кг) жана Ырыскелди Хамзаев (72 кг) 3-орунга ээ болушту.
Ал эми эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль жана Билол Шарип уулу коло медалга ээ болду. 57 кг чейинки салмакта Алмаз Сманбеков 3-орунду ээледи.
Ошондой эле кыз-келиндер арасында 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду.
Мелдеш 26-февралда башталып 2-март күнү жыйынтыкталды.