• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот отуруму жылды

12 Теке 202217:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча соттук отурум жабык өттү.

Маалыматка ылайык, күбөлөрдүн бири сотко келбегенине байланыштуу соттук отурум 13-июлга жылдырылган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир нече күн мурун ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. Аталган факты боюнча бир нече жолу нааразычылык акциялары өттү.

Количество просмотров: 232