• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Дүйнөдөгү эң чоң самолет «Мрия» Кыргызстанга учуп келди

29 Жетинин айы 2021 8:53 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган самолет Ан-225 «Мрия» 2021-жылы 28-ноябрда эл аралык «Манас» аэропортуна конду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң ата кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт. «Мрия» Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген.

Ан-225 «Мрия» — дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984−88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган.

Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан. Ан-225 учагын курулушунун максаты көп жолу колдонулуучу «Буран» космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.

Количество просмотров: 840