• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузаттын өмүрү үчүн күрөш

27 Бугу 2021 13:29 Бишкек Govori.TV

2 жаштагы Аруузат сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келет. Бүгүнкү күндө ал «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген «Золгенсма» дарысын алуусу керек. Ал үчүн чоң суммадагы каражат, тагыраагы, 2 миллион 382 миң доллар керек. Кыргызстандын дарыгерлери мындай ооруну тажрыйбасында кездештиришкен эмес, ошол себептүү бул жакта дарыланууга мүмкүн эмес» дейт атасы.

Учурда Аруузат апасы менен Орусияда. Ал жактан дарыгерлер жазып берген витаминдерди ичип, ай сайын ийне алып турат. Ошол себептүү аталган мамлекетте убактылуу жашоого туура келген.

Учурда дары-дармегине жакындары көмөк көрсөтүүдө. Аруузаттын ата-энеси кызы сейрек кездешүүчү ооруга чалдыкканын 5 айында билишкен.

Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузатка жардам берүү маселеси парламетте дагы көтөрүлгөн.

Бөбөккө жардам катары буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы 1 айлык маянасын которорун кабарлаган.

Бүгүнкү күндө Аруузатка каражат чогултууга ыктыярчылар көмөктөшүүдө. Ал үчүн борбор калаада атайы штабдар түзүлгөн.

Студенттер менен мектеп окуучулары өз калоолору менен Аруузаттын даарылануусуна каражат чогултууга көмөктөшүп жатышат. Кызды дарылоого каражат чогултуу 2020-жылдын декабрь айында башталган. Андан бери кайдыгер карабаган жарандардан 72 миллион сом чогулду. Бирок бул сумма дарыланууга жетпейт. Мындан улам Аруузаттын өмүрү менен күрөшүү үчүн кыргызстандыктар колунан келген колдоосун көрсөтүп турган чагы.

Количество просмотров: 641