• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 70 миллиондон ашты

11 Бештин айы 202013:29 Бишкек Govori.TV

 Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 70 млн 672 миң 882 адамды түздү. Бул тууралуу Worldometer порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, илдеттен 1 млн 587 миң 352 киши каза болуп, 49 млн адам айыкты.

Порталдын маалыматы боюнча АКШ ооругандардын жана каза болгондордун саны боюнча биринчи орунду турат. Анда жалпы 16 млн 17 миң 418 адам ооруса, 299 миң 511и каза тапкан.

Ал эми Жонс Хопкинс университети билдиргендей, дүйнөдө 69 млн 483 миң 855 адам илдетке кабылган. 1 млн 580 миң 6 жаран көз жумган.

Количество просмотров: 33