• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Дүйшебаев: Курултай бийликтин колдоосу менен уюштурулган эмес

27 Жетинин айы 2018 11:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
24-ноябрда өткөн курултай бийликтин колдоосу менен уюштурулган эмес. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйын берип жатып, курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшебаев билдирди.
«Азыркы учурда бул курултайды өткөрүүгө бийлик кол кабыш кылды, бул бийликтин «заказы» деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Биз курултайды өткөрүүгө 170 миң сом коротобуз деп пландап, азыр андан 15 миң сомдой артып калды. Биз курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына толугу менен киришебиз», — деди курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшебаев.
Өткөн ишембиде Кыргызстанда саясий күчтөрдүн курултайы өткөн. Курултайдын жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата бийликти узурпациялап, бир колго топтогон деген терс баа берилсе, жыйынга катышкандар учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин канааттандырарлык деп табышты.
Количество просмотров: 34