• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дааратканага түшүп кеткен эки жаштагы кыз куткарылды

12 Теке 202211:18 Бишкек Govori.TV

Оштун Лесная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына эки жаштагы В.Х., аттуу бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеринде төрт куткаруучу баланы аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

«Балага алгачы жардам көрсөтүлүп, медициналык кароодон өтүү сунушталган. Абалы жакшы»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 475