• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Дача-СУ боюнча козголгон кылмыш иши эмне үчүн токтотулганы айтылды

23 Бугу 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссия бүгүн, 23-майда экинчи ирет жыйынга чогулду. Комиссиянын отурумунда Ички иштер министрлигинин өкүлү, тергөө тобунун башчысы Максат Мусаев маалымат берип, 2017-жылы ачылган кылмыш иши эмне үчүн токтотулганын айтты.

 «2017-жылы учак кырсыгынан кийин Транспорт прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү боюнча иш козгогон. Кийин кырсыкка байланыштуу кылмышка шектүүлөр аныкталбагандыктан иш убактылуу жабылган»,-деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн. Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, учактагы төрт учкуч мерт болгон. Ал эми кулаган жүк кимге таандык жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акча кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча суроолорго так маалымат жооп айтылган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында президент Садыр Жапаров Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү боюнча жарлык чыгарган. Анын катарына иликтөөчү журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айрым жигердүү жарандар кошулду. Жапаров мындай чечимге келишине Дача-СУдагы кырсыкты иликтөөнүн жай жүрүшү күмөн саноолорду, тергөөчүлөр көп нерсени жашырып жаткан сыяктуу шектенүүлөрдү пайда кылганы себеп болгонун жазган. 18 адамдан турган коомдук комиссия түзүлүп, ага мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болду. 

Теги:
Количество просмотров: 146