• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Дача-Су тууралуу комиссиянын чечими адилеттүүбү?

5 Бештин айы 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын, 1-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-жылдын 16-январындагы Сокулук районундагы Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагы кулаган авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссиянын корутундусун угушту. Бул маселе боюнча маалыматты коомдук комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов берди.


Аталган комиссиянын мүчөсү укук коргоочу Нурбек Токтокунов бул маселеге чечим шашылыш кабыл алынып калганын айтты. Анын айтымында жыйынтык чыккандан кийин кенен талкуу жүргүзүлүшү керек болчу. Мындан сырткары айрым эске алчу жагдайлар болгон.
Коомдук комиссияга мүчөлүк кылган иликтөөчү журналист Дилбар Алимова изилдөөнүн жүрүшүндө айрым жагдайларды тактоодо техникалык мүчүлүштүктөр болгонун эске албаганда, жалпысынан иш адилеттүү эле болгонун айтат.


Каргашалуу окуя 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында болгон. Авиакырсыктын кесепетинен Кыргызстандын 35 жараны, экипаждын 4 мүчөсү — Түркиянын жарандары каза болгон. Мамлекеттер аралык авиация комитетинин авиакырсыктарды иликтөө комиссиясы 6 айдын ичинде кырсыктын бардык чоо-жайын изилдеп чыккан.

Количество просмотров: 435