Чүй облусунун Дача СУ айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, курман болгондордун жакындары катышты.
Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан. Учак кырсыгынан 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны каза болгон.