Бүгүн, 27-майга карата Кыргызстанда дагы 52 адам коронавирус менен катталды. Алардын ичинен 12 бейтап медицина кызматкерлери.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, жаңы катталган бейтаптардын ичинен бешөө Бишкек шаарында, жетөө Ош облусунда.
Акыркы суткада 6 медкызматкер ооруканалардан чыккан. Жалпысынан республика боюнча 299 медицина кызматкерине коронавирус жугуп, алардын ичинен 243 медкызматкер дарыланды.