• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дагы 2 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди

31 Баш оона 2021 22:49 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынан» жана «Жаратман эл» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү.

«Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы» шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сүйүндүк уулу Даниярды, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сапаралиева Гүлбарчын Абдилхасимовнаны каттады.

Ал эми «Жаратман эл» партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Суранбаев Памир Маматкадыровичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асанбекова Салтанат Анарбековнаны каттады.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы» саясий партияларынан парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн.

Количество просмотров: 238