• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кыргызстандын желеги желбирей берсин!». Балбан Шаршенбеков жаңы билдирүү жазды

26 Бештин айы 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик туу боюнча жаңы билдирүү жазды.

Анын айтымында, ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар.

«Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм. Ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшайм. Кыргызстандын желеги желбирей берсин!», — деген балбан.

Эске салсак, айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан.

Анда спортчу: «Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок», — деп айткан.

Бул тууралуу социалдык тармакка чыккан жаңылыктын алдына УКМК башчысы Камчыбек Ташиев калтырган комментарий талкуу жараткан.

Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да буга байланыштуу билдирүү жазышкан болчу.

Количество просмотров: 134