Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн онлайн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, каза болгон бейтап Кыргыз-Турк достук ооруканасында дарыланып жаткан. (аял киши, 1964-жылкы).
Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 41 кишини түздү.