• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дагы үч депутат “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга автор болуудан баш тартты

12 Кулжа 202318:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин дагы үч депутаты “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты.

Маалыматка ылайык, депутаттар Таалайбек Масабиров менен Таалайбек Сарыбашов демилгечи топтон чыгып жатышканын тастыкташкан. Ал эми Мейкинбек Абдалиев демилгечи тобунан чыга турганы кабарланып, бирок бул маалыматты өзү азырынча тактай элек.

Буга чейин эл өкүлү Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев менен  Бактыбек Чойбеков дагы демилгечи топтон чыкканын айткан.

Количество просмотров: 95