• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дагы кетип калды дебегиле. Ташиев ден соолугу тууралуу айтты

8 Теке 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 6 айдан кийин чет өлкөгө кайра дарылануу үчүн барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ташиев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө барып жатканын жана дарты эмне экенин тактаган жок.

«Ташиев эмне үчүн чет өлкөдө дарыланат? Эмне үчүн Кыргызстанда эле дарыланбайт? деген суроолор айтылып жатат. Мен айтпай жүргөм, азыр айтууга туура келип жатат. Оорума байланыштуу операцияны чет өлкөдөн кылуу керек экен. Биздин дарыгерлер операция кылууга батына алышкан жок. Ошол себептүү чет жерден дарыланууну сунуштады. Февраль айында операция башка мамлекеттен ийгиликтүү өткөн. Алардын айтымында, 2 айдан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүшүм керек болчу. Бирок өлкөдөгү саясий жагдайлардан улам 5 айдан кийин бардым. Текшерүүдөн өтүп келгенден кийин өзүңүздөр көрүп тургандай абалым жакшы. Алдын ала кабардар кылып айтайын, эми алты айдан кийин кайра барам. Ошондо дагы кетип калды дебегиле», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 796