• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дайынсыз болгон адамдын сөөгү көрүстөндөн табылды

19 Аяк оона 202415:26 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-сентябрь күнү саат 13:00дөр чамасында 65 жаштагы В.Анын зомбулуктан улам каза болгон жансыз денеси Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылындагы христиан көрүстөнүнөн табылган.

Бул факты боюнча 122-берененин негизинде “адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өлгөн адам Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө 10 күндөн ашык дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экени аныкталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Шектүү катары 48 жаштагы К.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмышка шектүү менен каза болгон адам чогуу спирт ичимдигин ичишкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланып, В.Ага эки жолу бычак сайып, андан соң сөөктү христиан көрүстөнүнө сүйрөп барган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 343