• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дайыны чыкпай кеткен депутат Эмилбек Жамгырчиев парламентке келди

11 Үчтүн айы 2023 14:50 Бишкек Govori.TV

Дайыны чыкпай кеткен депутат Эмилбек Жамгырчиев парламентке келип, акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканын журналистерге билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жамгырчиев , өрдөк филеси боюнча мурда токтотулган кылмыш ишин кайра жандандыруу аракети тууралуу маалымат чыккандан бери дайыны чыкпай кеткен. Тагыраагы, депутат 2022-жылдын 27-ноябрында УКМК тарабынан кармалып, андан соң бошотулган. Бирок, ошондон бери эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз болуп калган. 6-декабрда

Башкы прокуратура Эмилбек Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. 26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети депутатка издөө жарыяланганы тууралуу маалымат тараткан.

Бүгүн жумушка чыккан Эмилбек Жамгырчиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып,

“мен буга чейин спикерге атамдын оорусуна байланыштуу эмгек акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгып жатам деп кат жолдогом”-деди.

Ал ошондой эле кесиптеши Жанар Акаевдин үйүнөн жана унаасынан угуучу аппараттар табылгандыгы тууралуу билдирүүсүнө да комментарий берди.

«Уктуруучу аппараттар табылды, бирок алар канча жаздырганы жана ким тарабынан орнотулганы азырынча белгисиз. Ар бир аргументке бардык көрсөтмөлөр мыйзамдуу болушу үчүн каттоо ачылат. УКМК бул фактыны иликтеп жатат, жыйынтыгынын баары ачыкка чыгат. Мыйзам алдында тазамын. Чындык мен тарапта. Корко турган эч нерсем жок”-деди.

Ошондой эле дайыны чыкпай кеткен депутат аны издөөгө алган атайын кызматтын кызматкерлерине «издегени үчүн» ыраазычылыгын билдирди.

26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат таратты. Ал Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болчу.

Ага чейин депутат 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармалып, кайра бошотулган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү белгилүү болгон. Айдарбеков Кыргызстандан чыгып кетип, кийинчерээк кайтып келди.

Количество просмотров: 204