• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

16 Бирдин айы 202420:18 Бишкек Govori.TV

Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн мурун президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 185