• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

«Дамира Ниязалиеванын сүйлөшүүсү» делген аудио. БШК эмне дейт?

29 Бугу 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга тарап жаткан «Ленин шайлоо округу боюнча талапкер Дамира Ниязалиеванын сүйлөшүүсү» делген аудио боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшкөн жок. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Негизинен биздеги жумушчу топ мониторинг жүргүзүү менен келип түшкөн баардык кайрылууларды укук коргоо органдарына териштирүү үчүн жөнөтүп жатышат»,-деди ал.

Бүгүн, 29-майда интернет желесинде талапкер Дамира Ниязалиева менен Роман аттуу жарандын аудиосу делген сүйлөшүү тараган.

Азырынча Ниязалиева бул боюнча комментарий бере элек.

Кечээ өткөн №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынты боюнча Дамира Ниязалиева 6073 добуш алып, алдыга чыкты. Андан кийин 2 070 добуш алган Уран Сариев экинчи сапта турса, үчүнчү болуп 1 317 добуш топтогон Эртай Искаков келе жатат.

БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты.

Шайлоодо жалпы 29 талапкер аттанып, алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып тургандар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн.Анда жеңишке жетип, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын мөонөтүнөн мурда тапшырып берген.

Количество просмотров: 269