Данияр Арпачиев Албек Ибраимовдун абалына туш болду
Данияр Арпачиев Албек Ибраимовдун абалына туш болду
1 Баш оона 20189:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV
Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэри Данияр Арпачиевге ишенбестик көрсөтүштү. Бул тууралуу шаардык депутаттардын бири тастыктады.
Аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган шаардыктардын өкүлү кечээ өткөн шаардык кеңештин чогулушунда күн тартибиндеги жалгыз маселе-шаар мэрине ишенбөөчүлүк көргөзүү суроосу каралып, ага катышкан 31 депутаттын 30 “макул” деп добуш берген.
“Буга шаар мэри Данияр Арпачиевдин бюджеттик каражатты эффективдүү жана сарамжал пайдалана албаганы, пландардын аткарылбаганы, шаардык кеңеш менен иштеше албаганы себеп болду. Ишенбестик боюнча чечим өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлдү”,-деп билдирет ал.
Эске сала кетсек, Данияр Арпачиев 2016-жылдын 13-майында 31 депутаттын 24түнү добушу менен мэрликке шайланган.