• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Данияр Нарымбаев ооруканадан тергөө абагына которулду

25 Баш оона 2021 16:52 Бишкек Govori.TV

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу кайра Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына кайрадан которулду. Маалыматты анын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова Govori.TVга тастыктады.

Маалым болгондой, Нарымбаев Бишкектеги коронавирус илдетине кабылып, Бишкектеги жеке клиникалардын биринде дарыланып жаткан.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нарымбаевди “Кумтөр ишине” байланыштуу айыптап, “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Количество просмотров: 87