• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Текебаев Нарымбаевге жан тартты

31 Теке 2021 0:21 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев президенттин аппаратынын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев тууралуу пикирин Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Текебаевдин айтымында, тергөө органдары Нарымбаевди негизсиз айыптап жатат.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Данияр Нарымбаевди дагы эки айга камакта калтырды. Нарымбаев бүгүнкү күндө коронавирустун оор түрү менен жабыркап, ооруканада. Баарыбызга белгилүү болгондой, таажы илдетинин оор формасы адамдын башка өнөкөт ооруларын дагы күчөтүп, ден соолукту кайра калыбына келтирүүгө көп убакыт талап кылынат. Мына ушул жагдайларды эске алып, сот Нарымбаевди үй камагына чыгарыш керек болчу. Мен тергөө органдарына, соттун кийинки инстанциясынын мүчөлөрүнө адилеттүүлүк, гумандуулук деген принциптер так ушундай учурда колдонулушу керек экенин айткым келет. Ашыкча негизсиз катаал чараларды көрүү бийликке болгон эл ишенимин азайтат»,-деп жазды Текебаев.

Эске салсак, Данияр Нарынбаев “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу кылмыш иши боюнча үстүбүздөгү жылдын июнь айында камакка алынган.

Количество просмотров: 536