• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Дарига Назарбаева быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышпайт

9 Чын куран 201917:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.

Дарига Назарбаева – Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы – быйыл өтө турган кезексиз президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу tengrinews.kz басылмасына Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева билдирди.

«Жок, Дарига Нурсултановна ат салышпайт», – деп Мустафаева телефон аркылуу маалымдады.

Эске салсак, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

Маалым болгондой, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кеткен.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн. Ал буга чейин казак парламентинин сенатынын төрагасы болчу.

Количество просмотров: 12