• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Дарига Назарбаева депутаттык мандаттан баш тартты

25 Бирдин айы 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Назарбаева мындан ары толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштери менен алек болот.

Белгилей кетсек, январдагы окуялардан кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган. Ал былтыр май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктары токтотулган. Назарбаева убагында өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген.

Количество просмотров: 121