• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

2 Жалган куран 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

3-мартта Казакстан парламентинин мажилиси мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтомду кабыл алды.

«99 депутат колдоп, бир депутат добуш берген жок. Токтом кабыл алынды», — деди мажилис төрагасы Ерлан Кошанов.

Назарбаева өткөн жумада парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартуу тууралуу арыз жазганын билдирген. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушун мажилиске жиберилген.

Назарбаева февралдын аягындагы билдирүүсүндө мындан ары толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине көңүл бурууну чечкенин жазып, өзү шайланып келген «Нур Отан» партиясына добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирген.

Назарбаеванын ордуна башкаруучу партиядан Саясат Нурбек депутат болуп келди.

Количество просмотров: 72